• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто чуңкурда иштеп жаткан 4 жаранды топурак басып калды. Бирөө каза болду 

11 Теке 20201:50 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында суу түтүгүн өткөрүү үчүн казылган чуңкурда иштеп жаткан 4 жаранды топурак басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  10-июлда Биринчи Май көчөсүндө таза суу түтүгүн өткөрүү үчүн казылган чуңкурда иштеп жаткан 4 жаранды топурак басып калган.

«Куткаруучулар 3 адамды куткарышкан, 1 адам каза болгон (аты-жөндөрү такталууда). 3 жаран тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген, абалдары туруктуу»,-деп айтылат маалыматта.

Ал эми каза болгон жарандын жансыз денеси ИИМ кызматына өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 204