• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошто дагы бир банкоматты талкалап, 1,5 млн сом алып кетишти

4 Жалган куран 2019 13:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.03.2019. Govori.TV.

Ош шаарындагы Новои жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын имаратынын кире беришине орнотулган банкоматты талкалап, ичиндеги 1,5 млн сомду уурдап кетишти.

Өзүк булактар аркылуу маалым болгондой, окуя 3-мартка караган түнү болгон. Акчаны уурдап кеткендер филармониянын артынан киришкен. Болжолдуу маалымат боюнча, талкаланган банкомат «Кыргызстан» коммерциялык банкына тиешелүү.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы окуя болгонун тастыктап, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Шектүүлөр кармала элек.

Эске салсак, буга чейин Ош облусунун Араван районунда белгисиз адамдар банкоматты талкалап, 900 миң сом уурдап кетишкени маалымдалган. Окуя 10-февралга караган түнү Ленин көчөсүндө болгонун өздүк булактар билдирген.

Алардын айтымында, талкаланган банкомат «Кыргызстан» коммерциялык банкына тиешелүү болчу. Ош ОИИБ тастыктаган маалымат боюнча, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Азырынча шектүүлөр кармала элек.

Теги:
Количество просмотров: 15