• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто эки унаа кагылышып, 4 адам жабыркады

21 Бирдин айы 2019 11:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.02.2019.Govori.TV.

Бишкек-Ош унаа жолунун 658-чакырымында кечээ, 20-февралда болжол менен саат 07:59да жол кырсыгы катталган.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, “Жигули” жана “Деу Тико” үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен «Деу Тико» унаасындагы 4 адам ар кандай жаракаттарды алган.

“Куткаруучулар “Деу Тико” унаасынын айдоочусун унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Калган 3 адам жолдо бара жаткан унаалар менен Ош облустук ооруканага жеткирилген. Ал эми “Жигули” унаасындагы 3 адам эч кандай жаракат алышкан эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 12