Ош шаарындагы С.Жигитов жана М.Ломоносов атындагы мектептердин имараттарын бузуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Учурда атайын техникалар тартылып, тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө коопсуздук талаптары так сакталган шартта демонтаж иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.
Эски мектептер кооптуу абалга келгендиктен, аларды бузуп, ордуна заманбап жаңы имараттарды куруу чечими кабыл алынды.