• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Ошто көчөдө жаткан 80 жаштагы апа тагдырын журналистке айтып берди

27 Аяк оона 2018 17:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.09.2018.Govori.TV.
Кече Ошто көчөдө жаткан карыя апанын өздүгү такталды. Ал Ош шаарына караштуу Озгур айыл аймагындагы дачасында жашаган 80 жаштагы Алиш Анарбаева. Учурда жалгыз жалгыз  күн кечирип, эптеп курсагын тойгузуп келет.
Бүгүн анын ким экени тууралуу журнлалист Гулжан Алтымышбаева кайрымдуу элдердин бергендерин тапшырып, апа менен маек куруп келген.
 
80 жаштагы  Алиш Анарбаева өзүнүн учурдагы тагдырын ал «4 кап көмүр алып койдум, дагы төрт кап көмүр, жыгач отун болсо кыштан чыгам. Пенсиям тамагыма жетет, кээде эт жегим келип калганда кайыр сурап шаарга түшүп калам. Басып жүрүп чарчап калганда алдыма кичинекей төшөнчүмдү салып жатам. Иним менен келинимдин кабак-кашын карап отургум келбейт. Өзүм каалаганда каалаган тамагымды жасап жеп көз карандысыз болгум келет. Өлсөм көмөсүң деп иниме алдын ала акча берип койдум. Өз уулум өтүп кеткен, келиним ичип кеткен. Неберелерим балдар үйүндө. Ал эми кызым Туркменистанда былтыр декабрда келип кеткен»-деп айтып берген. 
Эске салсак, кече фесбуук колдонуучусу көчөдө уктап жаткан карыган апанын сүрөтүн  жүктөп, социалдык коргоонун өкүлдөрү эмнени карап жүрөт», -деп жазган.   
Количество просмотров: 29