• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ошто көк бөрү боюнча чемпионат өтөт

22 Тогуздун айы 20188:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.10.2018. Govori.TV

Ошто көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов Говори.ТВ агенттигине кабарлады.

Анын айтымында Кыргызстандын биринчилиги көп жылдан бери уюштурулбай калган. Биринчиликке Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жана Бишкек, Ош шаарларынан түзүлгөн 9 команда катышып, күч сынашат.

Оюн Ош шаарынын «Төлөйкөн» ат майданында 29-октябрда башталып 3-ноябрда аяктайт. Байге фондусу — эки миллион сомду түзөт. Баш байге ээсине 500 миң сом ыйгарылат.

Количество просмотров: 67