• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Ошто көпүрөдөн маршрутка эмне үчүн кулады? Себеби аныкталды

2 Аяк оона 2018 19:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.09.2018.Govori.TV.

Ош шаарынын А. Навои көчөсүндөгү көпүрөдөн маршруттун жүргүнчүлөр менен кошо кулагандыгы боюнча териштирүүнүн алгачкы жыйынтыгы чыкты.  Милициянын корутундусуна ылайык, кырсыкка маршрут айдоочусунун кайдыгер, жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болгон.                                                         Бул тууралуу Govori.TV маалымат агенттигине Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Дагы бир себеп айдоочу рулда бара жатканда колунан телефону маршруттун полуна түшүп кеткен. Аны алуу үчүн айдоочу эңкейгенде маршрут көпүрөдөн ылдый көздөй кулаган.

Анын айтымында, 102 каттамдын айдоочусу рулду башкара албай калган. Алгач сол тарабындагы «Хонда-Жаз» автоунаасын сүзүп, андан ары көпүрөдөн оодарылып кеткен.          Айдоочу алкоголь ичимдиктерин колдонгон эмес, соо абалда болгонун экспертиза жыйынтыгы көрсөткөн.                                            Эскерте кетсек, бүгүн саат, 12:00 чамасында А. Навои көчөсүндөгү көпүрөдөн маршрут кулап кеткен болчу.

Количество просмотров: 27