Ош шаарында каналга эки бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 20-августта болгон. Анда Туран кичи районунда Күреңкеев жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Араван каналына 2 жаш бала (2011-жылы жана 2012-жылы төрөлгөн) чөгүп кеткен.
«Бүгүн, 21-августта издөө иш-чараларын улантуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 22 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 07:30 чамасында 2011-жылы төрөлгөн М.М. аттуу жаш баланын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Учурда издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.