• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Ошто каракчылыкка шектелип кармалган жаран милициянын кыйноосунан каза болдубу?

19 Тогуздун айы 2020 11:22 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда милицияга алып келинген шектүү эс-учун жоготуп, Ош шаардык тез жардам кызматына жеткирилгенде каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,5-октябрда Ош шаарынын 21 жаштагы жашоочусу А.Ш аттуу жигит милицияга арыз менен кайрылган. Анда айтылгандай, бейтааныш эки жаран акчасын алмаштырып берүүнү айтып, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында Ш.Каримбердиев көчөсүндө жолугушкан.

Ал жерде жашы болжол менен 25-30 чамасындагы жарандар белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутуп, 4 млн 230 миӊ сом акчасын алып коюшкан. Өзүн кара түстөгү орусиялык мамлекеттик белгидеги “Деу-Нексия” үлгүсүндөгү автоунаа менен Оштогу Прежевальский көчөсүнө алып барып, окуя болгон жерден изин жашырып кетишкен.

Бул факты Жазык Кодексинин 202-бер. 3-бөл. менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган. Анын натыйжасында Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунун 27 жаштагы И.Э аттуу жараны шектүү катары кармалган.

Аны менен кошо оор кылмышка шектелгендердин бири Ноокат районунун Муркут айылынын тургуну 26 жаштагы К уулу М да кармалып, аны алып келүү учурунда милиция кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөнгө аракет жасаган. Анын жанынан “Форт-12РМ” үлгүсүндөгү ок атуучу курал 4 огу менен табылган. Аны милицияга алып келүү учурунда эс учун жоготуп, тез жардам кызматына жеткирилген учурда өзүнө келбей каза болгон.

«Бул окуя боюнча Ички иликтөө кызматы тарабынан териштирүү иштери башталган. Ошондой эле маркумдун кандай себеп менен каза болгондугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эгер шектүүнү кармоо учурунда ашыкча күч колдонулган болсо кызматкерлерге карата юридикалык баа берилип, тийиштүү чара көрүлөт.Бул окуяны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети көзөмөлгө алды»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин интернетте 26 жаштагы жаран милиция тарабынан кармалгандан кийин каза болуп калганы, алдын ала маалыматтар боюнча ага күч кызматкерлери тарабынан кыйноо болгону айтылган маалыматтар тараган.

Количество просмотров: 206