Ош шаарынын, Карасуу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов 20-апрель күнү брифингде Ош облусунда мурдагы жылга салыштырмалуу үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук азайганын айтты.
Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка байланыштуу облусута 56, шаарда тогуз факт катталган. Алардын ичинен жети учуру күйөөсүнө кол көтөргөн аялдар боюнча. Катталган иштер тергелип, мыйзам чегинде чара көрүлөт. Мындан сырткары Ош шаары жана Ош облусу боюнча карантин убагында кылмыштуулук, жол кырсыктары кескин азайган.
Бирок укук коргоочулар карантин убагында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тескерисинче көбөйүп жатканын айтышууда. Ага кабылгандардын басымдуу бөлүгү — аялдар.