• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ошто караоке клубда администратор кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды

30 Үчтүн айы 2024 14:12 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы клубда админстратор кызды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү катары Чоң-Алай районунун 20 жаштагы жаран кармалган.

«27-январында саат 05:55 чамаларында Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндөгү караоке клубунда башка жарандардын жок экендигинен пайдаланып, жалгыз отурган администратор кызды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет жасаган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Ш. уулу И. ушул эле күнү түнкү саат 01:00 чамасында Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү бильярд клубунун эшигин бузуп кирип, кассада турган 22 миң сом акчаны уурдап чыккандыгы аныкталды. Андан соң уурдаган акчасына тамактанып, алкоголдук ичимдиктерди ичип, түнкү караоке клубуна кылмыш жасоо үчүн барган», — деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык соту тарабынан шектүү Ш. уулу И.нин баш коргоо чарасы кечээ, 29-январда каралып, 2 айга камакта калтырылды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан алдамчылык жана зордуктоого аракет жасоо беренелери боюнча тергөө иштери башталган.

Количество просмотров: 130