• Бейшемби 18 Теке 2024
  • Четверг 18 Июль 2024

Ошто катар жайгашкан беш үй күйгөн

8 Теке 2024 12:31 Бишкек Govori.TV

ӨКМ 7-июлда Ош шаарынын Закиров көчөсүндө катар жайгашкан беш үй күйгөнүн билдирди. Министрлик тилсиз жоо ошол эле күнү саат 15:00дөрдө толук өчүрүлгөнүн, кырсыктан жабыркагандар жок экенин кошумчалады.

Маалыматка ылайык, биринчи өрт чалган турак жайдын 700 чарчы метри толук күйүп кеткен. Ага жанаша жайгашкан үйдүн 250, үчүнчү турак үйдүн 98, төртүнчү үйдүн 240 чарчы метр аянты күйгөн. Бешинчи турак жайдын 20 чарчы метр чатыры өрттөнгөн.

Жалпы 1 308 чарчы метр аянт күйгөн.

Теги:
Количество просмотров: 156