• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учурду

7 Теке 2021 11:25 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында катуу шамал болуп, көп кабаттуу үйдүн чатырын учурган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-июль күнү саат 19:20 чамасында Ош шаарында катуу шамал катталып, Раимбеков көчөсүндө жайгашкан №5 көп кабаттуу турак үйдүн тунуке менен жабылган 216 чарчы метр чатырын учуруп, үйдүн астына түшкөн, жабыркагандар жок.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, үйдүн астына түшкөн чатыр калдыктарын ачык аянтка жылдырып беришкен.

Количество просмотров: 264