• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ошто кир жуугуч машина чыгаруучу «Артель» ишканасы ачылды

26 Аяк оона 2018 10:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.09.2018. Govori.TV
Ош облусунда кир жуугуч машиналарды чогултуу боюнча жаңы кыргыз-өзбек «Артель» заводу жана травертинди кайра иштетүү, өндүрүү заводу ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ишканалардын ачылышына вице-премьер министр Замирбек Аскаров Ош облусунда эки ишкананын ачылышына катышты.
Заводдун ачылышы үчүн 1 млн доллар суммасындагы инвестиция тартылган, азырынча болжол менен 50-60 жумушчу орун түзүлөрү кабарланды. Ишкананын маалыматы боюнча, жылына 50 миң кир жуугуч машина чыгаруу пландаштырылууда.
Травертин өндүрүү жана кайра иштетүүчү завод жылына продукция өндүрүүнүн пландаштырылган көлөмү болжол менен 150 миң чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө анда 50гө жакын адам иштейт.
Замирбек Аскаров мындан тышкары вице-премьер-министр Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын жайыт комитеттерине 17 даана техника тапшырды.
Количество просмотров: 34