• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сокулукта тигүү цехинин машиналын уурдап кетишти

18 Үчтүн айы 2019 9:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.01.2019. Govori.TV

Сокулук районунда тигүү цехинде уурулук фактысы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-январдан 14-январга караган түнү белгисиз адамдар Сокулук районунун көчөлөрүнүн биринде үйдүн астында жайгашкан тигүү цехинин эшигин бузуп кирип, 5 дааны тигүү машинасын, 2 үтүктү уурдап кетишкен. Мындан улам 25 жаштагы Б.А. аттуу жаранга материалдык зыян келтиришкен.

«Окуя болгон жерге Сокулук РИИБдин тергөө тобу барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Анда жабырлануучу, цехтин кызматкерлери суракка алынган. Аталган факт боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, цехте мүмкүнчүлүг чектелген жарандар иштеп, акча табышчу.

Количество просмотров: 36