• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто коменданттык сааттын талаптарын бузган судьяга кылмыш иши козголду

8 Чын куран 2020 9:12 Бишкек Govori.TV

Коменданттык сааттын талаптарын бузуп, милицияга кол көтөргөнү үчүн Ош облустук сотунун судьясына кылмыш иши козголду.

Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү кечинде Ош облустук сотунун судьясы мас абалында коменданттык сааттын шарттарын бузуп, милиция кызматкерине кол көтөргөн. Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 355- беренеси («Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү жана коркутуу») боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

Фактыны Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов тастыктап, судья комендаттык саат башталганга чейин кармалганын билдирди.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. ИИМдин маалыматына караганда, 25-марттан бери өзгөчө абал жарыяланган аймактарда коменданттык сааттын талаптарын бузган 2038 адам кармалып, кайра коё берилген.

Количество просмотров: 148