• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошто коомдук транспортторго санитардык көзөмөл күчөтүлдү

5 Баш оона 2020 9:15 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында коомдук транспортторго санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Текшерүү иштеринин алкагында автобустардын, троллейбустардын, ошондой эле маршруттук каттамдардын санитардык эрежелери жана тазалыгы текшерилип, карантиндик нормаларды бузгандарга административдик айыптар салынып, эскертүүлөр берилди.

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин 101 айдоочуга санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн чара көрүлгөн.

Количество просмотров: 59