• Шаршемби 7 Бештин айы 2022
  • Среда 7 Декабрь 2022

Бишкекте орусиялык жаран бычакталды

5 ноября 2022 в 12:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында орусиялык жарандын бычакталган жансыз денеси табылды. Маалыматты Govori.TVга Ленин РИИБдин маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда Калык Акиев көчөсүндөгү үйдүн жер төлөсүнөн жашы болжол менен 35-40 жаштагы бычакталган эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Милиция киши колдуу болгон кишинин ким экендигин аныктаган. Ал Россиянын 32 жаштагы жараны болуп чыкты. Аталган факт Ленин РИИБдин бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертиза дайындалды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 147