• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Ошто кошумча блокпосттор коюлуп, тартип катуулады

6 Бугу 202015:24 Бишкек Govori.TV

Ош шаарына жети жерге кайра кошумча блокпост коюлуп, тартип катуулады. Бул тууралуу Ош шаардык комендатуранын маалымат кызматынын башчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, кошумча блокпосттор шаардагы ар бир кварталдын кире бериш жерине орнотулду. 

“Жашоочулар карантиндин тиешелүү санитардык эрежелерин сактабай жатат. Ошондуктан бүгүнтөн тарта жарандарды коронавируска каршы күрөшүү үчүн бардык эрежелери кылдат сактоого чакырып, көзөмөл күчөтүлдү. Шаарда буга чейин сегиз карантиндик жана санитардык блокпост бар болчу”, — деди Аширбаев.

Количество просмотров: 218