• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто “Куттуу эл” биринчи улуттук форуму өттү

20 Бугу 2022 9:41 Бишкек Govori.TV

Ошто “Куттуу эл” биринчи улуттук форуму өттү. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарадагы өз сөзүндө ал учурда коомчулукта актуалдуу делген маселелерге токтолду. Анын бири билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө,  сапатына көңүл буруу зарылдыгы.

“Жакында Президент Садыр Жапаров “Эл үмүтү” деген жарлыкка кол койду. Ал жарлыкта зирек, умтулган, чет өлкөдө атттуу-баштуу университеттерде окуйм деген студенттерге стипендия бөлүп берип атат”,- деди ал. 

Аны менен бирге, Мамлекеттик катчы кыргыз тили сөз байлыгы боюнча башка тилдерден ашса ашаарын, кем калбасын белгиледи. Сүйүнбек Касмамбетов кыргыз элинин нарк-насилинин мааниси жогору болгонуна токтолду.  Анын ичинде кошуналар менен ынтымакта жашоо. “Журтубуз кошуналар менен дайыма жакшы жашап келгенбиз”,- деп белгиледи Сүйүнбек Касмамбетов.

Форумга ошондой эле өлкөнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жогорку окуу жайларынын жетекчилери, Кыргызстандын дин өкүлдөрү,  илим жана маданият ишмерлери катышты.

Теги:
Количество просмотров: 95