Ош шаарында кыз-жигит жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен каза болушту. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, кырсык Абдыкадыров көчөсүндөгү мечиттин жанында орун алган. Анда 1998-жылы туулган айдоочу Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын рулун башкара албай калган.
Кесепетинен унаанын ичиндеги кыз ооруканага жетпей каза болгон. Айдоочу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, бирок ал кечинде өзүнө келбей көз жумду.