• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ошто кыздар канжалап ооруканага түштү

5 Кулжа 2019 15:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.06.2019.Govori.TV.

Ош шаарында мушташ учурунда 3 кызга бычак сайылган. Бул тууралуу 5-июнда Ош шаарынын милиция башкармалыгынан билдиришти.

«Окуя таңкы саат 4:10 чамасында Кара-Суу көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында болгон. Окуяга чейин мушташка катышкан 8 кыз туулган күн белгилеп отурган, кийин алардын биринин тынчын алган башка кыздын үйүнө келишип, ал жерде мушташ болгон. 1999-жылы туулган кыз бычак жана бөтөлкө көтөрүп чыгып, өз ара мушташып, жалгыз кызды ур-токмокко алышкан», — деп айтылат маалыматта.

Натыйжада бычак көтөрүп чыккан кыз баш аламан бычак шилтеп, үч кыздын денесине жаракат келтирген. 18, 19 жана 23 жаштагы кыздар бычактан жараат алып ооруканага кайрылышкан. Бул тууралуу Ош облус аралык бириккен ооруканасынын травматолог дарыгери Султан Жусупбеков билдирди.

Дарыгердин айтымында, бычак кыздардын экөөнүн жоон санына, бирөөнүн көкүрөк тушуна сайылган. Учурда алардын бирөөнө операция жасалды. Экөө дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Количество просмотров: 47