• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто лифт кулап, 29 жаштагы жаран ооруканага түштү 

26 Тогуздун айы 202315:49 Бишкек Govori.TV

Ошто лифт кулап, 29 жаштагы жаран ооруканага түштү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын А. Масалиев проспектисинде курулуш иштери жүрүп жаткан турак үйдө 1 адам лифт менен ылдыйга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө саат 10:30да Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жерине жеткенде 1994-ж.т. А.Г. аттуу жумушчу иш кылып жатып, 1-кабаттан имараттын жертөлөсүнө түшүп кеткендиги аныкталган. Куткаруучулар жабыркаган адамды «тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Абалы канааттандырарлык.

Количество просмотров: 1071