• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто мал уурулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топ кармалды

14 Бугу 2021 18:36 Бишкек Govori.TV

Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматына 12-майда Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында «У» аттуу жаран «мал уурулук кылып жүрөт» деген маалымат келип түшкөн.

Аталган билдирүү Ош облустук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда (Уурдоо) каралган кылмыштын белгилери менен катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 13-майга караган түнү саат 02:20 чамасында Ноокат районунун Бел айылында Өзгөн районунун Кароол айылынын тургуну 33 жаштагы Б.М.ге таандык «Мерседес-Бенц» (жүк ташуучу) автоунаасы кармалып, аталган автоунаага ошол жерде тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда Мерседес-Бенц автоунаасынын арткы жүк салуучу жайынан 8 баш мал алынган.

Аталган малды уурдап бара жаткан атуулдар Ноокат районунун 24 жаштагы С. у Б. жана Кара-Суу районунун 22 жаштагы К у Б. аттуу тургундары экендиги аныкталып, алар буга чейин да мал уурулукка шектелип, бирок тергөөдөн качып жүрүшкөндөрү аныкталган.

Ал эми жогоруда аталган мал Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын тургундары Д.Б., К.Б., Т.Н. жана Д.К.га таандык экендиги такталып, ээлерине кайтарылып берилген.

Количество просмотров: 356