• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ошто мамлекеттик тилдин талабына жооп бербеген көрнөк-жарнактар алынууда

7 Бештин айы 2018 12:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.12.2018.Govori.TV

Ош шаарында мамлекеттик тилдин талабына жооп бербеген көрнөк-жарнактарга текшерүү жүрүүдө.

Бул тууралуу Ош шаарынын мериясынын пресс-кызматынан Азамат Абсатаров билдирди.

“Жумасына эки жолу шаардагы көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү масатында мэрия тарабынан рейд жүргүзүлүп жатат. Текшерүү учурунда мамлекеттик тилдин талаптарына жооп бербеген көрнөк-жарнактардын ээлерине бир жумалык мөөнөт менен эскертүүлөр берилди. Көрнөк жарнактар бир жуманын ичинде тил мыйзамынын талаптарына ылайык оңдолбосо, жарнактар алынып салынат.
Текшерүүлөр мындан ары шаардын башка көчөлөрүндө уланат»,-деп билдирди ал.

Ош шаарында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Ош шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн мамлекеттик тил комиссиясы, шаардын аймагындагы көрнөк жарнактардын мыйзамга туура келүүсү боюнча Курманжан Датка жана Ленин көчөлөрүн текшерүүдөн өткөрдү.

Мындан ары шаар аймагында текшерүү жумасына 2 ирет откорүлүп турмакчы. Бул процесс жарнактардын иретке салынганга чейин уланат.

Количество просмотров: 45