• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ошто милиция кызматкерлери ири суммадагы уурулуктун бетин ачышты

26 Жалган куран 2019 11:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.03.2019.Govori.TV.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери ири суммадагы уурулуктун бетин ачышты. 8-мартка караган түнү белгисиз адамдар Ош шаарынын Алай көчөсүнүн аймагында жайгашкан жеке менчик кеңселердин бирине уурулукка кирип, андагы сейфте сакталган, жалпы суммасы 4 млн. 706 миң сом акчаны уурдап кетишкен.

Ар тараптуу издөө, иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары 23 жаштагы жана 27 жаштагы эки адам кармалды. Алар Ош шаарына чектеш жайгашкан айылдардын бириндеги мечиттен чыгып бара жаткан учурда кармалышкан. Алардын бири акча уурдалган ишканада иштээри аныкталды. Милициянын божомолу боюнча акча тууралуу маалыматты берген жана аны уурдоону даярдаган да ошол болгон.

Кармалган адамдардын биринен 1 млн. 460 миң сом, экинчисинен 900 миң сом акча алынган. Алар акчаны үйлөрүнүн короосунда көөмп койгон жеринен өздөрү казып, алып беришкен. Акчанын калган бөлүгүн алар көңүл ачууга жумшашкан.

Учурда шектүүлөрдүн үстүнѳн уурулук фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ош шаардык соту 25-мартта аларды абакта эки айга кармоого санкция берди. 

Теги:
Количество просмотров: 16