• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто муктаж эмес жарандарга жөлөкпул чегерилген

22 Үчтүн айы 202517:48 Бишкек Govori.TV

Ошто муктаж эмес жарандарга жөлөкпул чегерилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош облустук прокуратурасы тарабынан Кара-Суу районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган башкармалыктын кызмат адамдары 2023-жылдын июнь айынан баштап 2024-жылдын май айына чейинки мезгил ичинде иш жүзүндө муктаж эмес 47 жаранга жөлөкпулдарды мыйзамсыз чегеришкендиги аныкталган. Натыйжада, жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпы 1 млн 323 миң 400 сомдук зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө органы тарабынан тергелүүдө.

Количество просмотров: 334