• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ошто мушташкан окуучу кыздар кармалды

23 Жетинин айы 2018 15:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.11.2018. Govori.TV
Кызыл курткачан кыз-жабырлануучу, кара күрмѳчѳн кыз-шектүү, жоолукчан кыз-видеотасмага тарткан кыз
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кечээ күнү «Инстаграм», «Фейсбук» социалдык түйүндѳрүндѳ жарык кѳргѳн кыздардын мушташы тууралуу видеотасманын үстүнѳн иликтѳѳ иштерин жүргүзүп, анын катышуучуларын аныктады. Окуя 2018-жылы, 21-ноябрда, болжол менен саат 11.00дѳрдѳ болгонун Ош облустук ИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, бети канап, жабырланып жаткан кыз Ош шаарынын мектептеринин биринин 11-классынын окуучусу.
Ал эми аны урган кыз Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2002-жылы туулганжашоочусу. Алгачкы маалыматтарга караганда, мурда жаш экендигине карабастан эки ирет: уурулук жана хулиганчылык боюнча соттолгон.
Учурда дагы бир уурулук иши Кара-Суу РИИБи тарабынан каралып жаткан. Апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Мурда Ош шаарында жашап, кийин Отуз-Адыр айылдык аймагына кѳчүп кетишкен. Эч жерде окубайт жана иштебейт.
Ал эми экѳѳнүн мушташын смартфон аркылуу видеого тарткан отуз-адырлык кыздын курбусу, эч жерде окубайт.(кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда 15 жашынан медреседе окуп, аппендицит болуп калгандыгына байланыштуу таштап койгон).
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.Алгачкы териштирүүнүн маалыматына караганда 18-ноябрдан баштап, жаңжалдашкан тараптар «Инстаграм» социалдык түйүнү аркылуу байланышып, ѳз ара бири-бирине акаарат сөздѳрдү айтышып, урушуп кетишкен. Бири-бирин интернет аркылуу фейк аттары аркылуу гана таанышкан. Натыйжада, кыздар ѳз ара жаңжалдарын чечүү максатында Ош шаарынын «Космонавттар» эс алуу багында жолугушууну сүйлѳшүшүп, ошол жерде 21-ноябрда саат 11.00 чамаларында жолугушуп, уруша кетишет. Андан соң, эс алуу паркынан алыс эмес, жеке турак үйлѳр тарапка барышып, жаңжалдарын улантышкан. Аны видеого тарткан кыз ошол эле күнү досторуна жѳнѳткѳн.
Окуя ШИИБнын кылмыш каттоо китебине «хулиганчылык» катары катталды. Учурда тараптар бири-бирине арыз жазуудан баш тартышууда. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматы тарабынантолук жана ар тараптуу териштирилүүдѳ, күбѳлѳр жана тараптардын туугандары, педагогдор суралууда.

https://www.facebook.com/KalmataISanjar/videos/vb.1030298677/10215174068238292/?type=2&video_source=user_video_tab

Булак: «Ракурс» маалымат агенттиги

Количество просмотров: 56