• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ошто мыйзамсыз үй салып жаткан курулуш компаниясына кылмыш иши козголду

31 Жалган куран 2023 9:33 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында архитектуралык уруксат иш кагаздары жок курулуш иштерин жүргүзүп жаткан курулуш компаниясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө шаардын Тилеке-Баатыр көчөсүндө “А-П” ЖЧКсы көп кабаттуу турак үйдүн курулушуна уруксат берүүчү архитектуралык иш кагаздары жок, өзүм билемдик менен курулуш иштерин жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренеси (“өзүм билемдик”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 307