• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген почта имараты мамлекетке кайтарылды

8 Чын куран 202514:43 Бишкек Govori.TV

Ошто мыйзамсыз менчиктештирилген почта имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Араван районунун Тепе-Коргон айылында жайгашкан почтанын имараты жана 0,12 га жер тилкеси жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында 6 млн сомдук аталган имарат жана 0,12 га жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.

Количество просмотров: 177