Бүгүн, 27-декабрда Ош шаарында мыйзамсыз соода түйүндөр, жарнак тактайчалар алынып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды, башаламан жайгаштырылган, эскирип талапка жооп бербеген сырткы жарнактарды алып салуу иштери жүрдү.
«Тез тамактануучу жайга үчүнчү ирет эскертүү берилди. Ошондой эле, Навои көчөсүндө тротуарга жайгаштырылган жарнак тактайчалары алынып, соодагерлерге эскертүү иштери жүргүзүлдү»,-деп айтылат маалыматта.
Ош мэриясы мындай иш-аракеттер алдыда да улана турганын кошумчалады.