Ош шаардык ички иштер башкармалы кабарлагандай, наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан шаар аймагында «Синтетик» деген аталыштагы ыкчам-издөө, профилактикалык иш чарасы болуп өттү.
Иш чара Ош шаарынын 3 аралыгында өтүп, милиция кызматкерлери тарабынан атайын түзүлгөн иш мерчемге ылайык түнкү клуб, бар, эс алуу жайларын кыдырып, наркотикалык заттардын зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүштү.
«Наркотикалык заттарды пайдаланган адамдарды аныктоо боюнча рейддик иш чаралардын алкагында,зыяндуу затты пайдаланган жарандар аныкталган жок. Мындан сырткары Ош шаарынын борбордук жана кичи райондорундагы көчөлөрүндө дагы рейддик иш чара жүргүзүлүп, наркотикалык заттарды сатууга аракет жасагандардын электрондук даректери болушу мүмкүн болгон бир нече жазууларды өчүрүп чыгышты»,-деп айтылат маалыматта.