Ош облусуна караштуу Араван районундагы Мангыт айылында 7 жыл мурун 50 орундуу оорукананын имараты курулуп баштаган. Бирок азыркы күнгө чейин курулуш иштери бүтпөй, жарым-жартылай тургузулган имарат кайрадан бузула баштаган. Ал гана эмес оорукананын имараты айылдагы селсаяктар байырлап калган. Ал эми бул имараттын кароолчусуна айланган жергиликтүү тургундар Турмуш маалымат булагына билдиришкен.
Бул имараттын курулушу 2011-жылы башталган. Анда Жогорку Кеңештин депутаттары да барып, 1 жылда бүткөрүпр берээрлерин убада кылышкан. Бирок тилекке каршы бутпөй урай баштаганын айткан карапайым эле бутүп калса деген үмүттө.
Ал эми бул маалымат боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылганыбызда бул имарат азырынча аларга караштуу эмес экенин тастыкташты.