Ошто оорусун жашырган киши 7-8 адамга коронавирус жуктурган. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымында, учурда ал жаран аялы менен бирге обсервацияда жатат. «Оштун тургуну 7-8 адамга илдетти жуктурган. Жугузуп алган адамдар да башка жарандар менен байланышта болгон. Биз баарын таап, обсервацияга киргизгенбиз», — дейт ал.
Эскерте кетсек, буга чейин илдетти жуктуруп алып, оорусун жашырган жаран айыккандан кийин 5 жылга чейин камалары айтылган.