• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ошто опузалап талап кылуу менен алектенген топ кармалды

12 Жалган куран 2024 11:28 Бишкек Govori.TV

Ошто опузалап талап кылуу менен алектенген адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Кылмыштуу топ ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Атайын операциянын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер Ош шаарынын тургунунан акча каражатын опузалап талап кылууга шектелген беш адамды кармашкан.

Жабырлануучунун айтымында, түн ичинде бейтааныш адамдар анын үйүнө келишип, үйүнөн «баңгизат таап алуулары мүмкүн» деп коркутушуп, 100 миң сом талап кылышкан. Алардын бири күч түзүмдөрүнүн биринин күбөлүгүн көрсөткөн. Талаптар аткарылбаса, белгисиз адамдар жабырлануучуга физикалык зомбулук менен коркутушуп, ниетинин олуттуулугун ырастоо үчүн «Мазда-323» үлгүсүндөгү унааны тартып алышып, толук сумманы төлөп бергенден кийин унааны кайтарып берүүнү убада кылышкан.

Эртеси жабырлануучу бүт сумманы чогултуп, 100 миң сомду аларга берген. Бирок, эки жумадан кийин шектүүлөр дагы 100 миң сом талап кыла баштаганда, жабырлануучу милицияга кайрылган.

Топтолгон материалдардын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иштердин жүрүшүндө опузалап талап кылган жарандар азырынча талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алууга макул болгону аныкталган.

Ош шаарында акча каражатын накталай алып жаткан жеринен 1999-жылы туулган А.С. кармалып, андан күч түзүмдөрүнүн биринин кызматкеринин жасалма күбөлүгү табылып алынган.

Андан сырткары, ыкчам кызматкерлер опузалап талап кылууга шектүү болгон дагы төрт адамды кармашты: 2000-жылы туулган А.О. менен С.О., 1969-жылы туулган Я.А. жана 1981-ж. О.А.. Баары Ош шаарынын тургундары болушат.

Учурда жогорудагы жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу иликтенип, текшерилип жатат.

Количество просмотров: 149