• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошто Пробация департаментинин кызматкери пара менен кармалды

4 Аяк оона 2020 16:38 Бишкек Govori.TV

 Пробация департаментинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын кызматкери (аял киши) пара алып жатканда кармалды. Аны Коррупция менен күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармаган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

27-август күнү “С.А.С.” аттуу жарандын арызы боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 326-беренеси боюнча сотко чейинки өңдүрүш иши каттоого алынган.

“Ош шаарындагы пробация бөлүмүнүн башкы адиси, “С.А.С.” аттуу жарандан соттуулугун шарттуу-мөөнөтсүз түрдө жоюуга көмөк көрсөтүү үчүн 38 миң сом талап кылганы аныкталды“, – деп билдирет УКМК.

1-сентябрь күнү ал 38 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №53 тергөө абагына камакка алынган.

Количество просмотров: 30