• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто санитардык посттор алынды

11 Баш оона 2020 10:02 Бишкек Govori.TV

Ош шаарына кирүүчү жолдорго орнотулган санитардык-карантиндик посттор алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чечим Ош шаардык Жарандык коргонуусунун штабынын жыйынында кабыл алынган.

«Ошол эле учурда эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда. Ооруга чалдыгуу бир аз төмөндөгөнүнө карабастан, бардык санитардык эрежелерди так сактоо зарылдыгын эсиңиздерге салабыз», — деп билдиришет мэриянын басма сөз кызматынан.

Кошумчалай кетсек, Ош шаарына кирүүчү жолдорго жалпы 7 санитардык-карантиндик посттор орнотулган болчу (“Жапалак ДЭУ”, “Тээке-аскер полигону”, “8-март”, “ТЭЦ”, “Беш-Көпүрө”, “Кырарык-Арка”, “Амир-Темур”).

Количество просмотров: 59