• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү Өзбекстандан табылды

15 Теке 20243:14 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 14-июлда Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү (7 жаштагы кыз) Өзбекстандын Анжиян шаарынын Шахрихонсой каналынан табылганын билдирди.

Министрлик кыздын сөөгү Кыргызстанга «Достук» чек ара бекетинен өткөрүп алынарын кошумчалады.

Мекеменин маалыматына ылайык, дагы эки аялдын жана эки кыздын сөөгү изделип жатат.

14-июль күнү саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүрүп, Төлөйкөн айылындагы «Мөл-Булак» эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча бир үй-бүлө Д.Н. 1980-жылы туулган (аял киши), кыздары М. 2005-жылы туулган, М. 2014-жылы туулган, С. 2018-жылы туулган. Жеринде ӨКМдин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө. Мындан сырткары 500дөй адам коопсуз жайга эвакуацияланды.

Количество просмотров: 173