• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ошто сел автоунаа өтчү көпүрөнү алып кеткен

4 Бугу 2022 9:49 Бишкек Govori.TV

Оштун Кара-Кулжа районунда 3-май күнкү сел Чалма айыл аймагында автоунаа өтчү көпүрөнү алып кеткен.

Маалыматта айтылгандай, көпүрө эки жыл мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча иш-мерчемдеринин негизинде курулган.

Селден адам өмүрүнө зыян келген жок. Жеринде тактоо, тазалоо иштери уланууда.

Ушул күнү Алай районунда да сел жүрүп, Гүлчө менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү бузган.

Количество просмотров: 224