• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Ошто шайлоо ыплас өтүп жатат». Мырзакматов Жапаровго кайрылуу жасады

11 Чын куран 2021 17:14 Бишкек Govori.TV


Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо процесси ыплас мыйзам бузуулар менен өтүп жатат. Бул тууралуу «Улуттар Биримдиги» саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматов Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Мырзакматовдун айтымында, бүгүн саат 14.00гө карата Ош шаардык кеңешиндеги шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөн.

«Социалдык тармактар менен жалпыга маалымдоо каражаттарында админресур колдонулуп, добуш сатуу тууралуу фото, видео жана башка толтура маалыматтар тарап жатат. Бул жагдай тилекке каршы 2020-жылы 4-октябрда өткөн “бандиттик шайлоолорду” эске салууда. Бирок жергиликтүү бийлик бул мыйзам бузууларга жол бербей койгондун ордуна өздөрү да мыйзамсыздыкка жол ачууда. Тийиштүү органдар күтүү режиминде болуп, эч кандай чара көрбөй жатышат. Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү бийлик органдарын басым кылышууда. Жогоруда айтылгандардын негизинде, мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана шайлоо жараянын мыйзамдуулукка кайтаруу боюнча тез арада чараларды көрүүнү суранам»,-деп жазган Мырзакматов.

Количество просмотров: 1698