• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектүү жарандар кармалды

7 Теке 2021 14:13 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектүү катары жарандар кармалышып, тергөө кызматына алынып келинди. Бул туурулуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, 2021-жылдын 7-июль күнү, саат 11.37 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» болуп жаткандыгы маалымат келип түшүп, ал маалыматты текшерүү учурунда Ош шаарынын Жумабаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аталган шек менен Ош шаарынын тургундары 1980-жылы туулган И.Х., 1959 –жылы туулган Р.Ш. жана 1959-жылы туулган Л.Б. кармалышкан. Алардын бири 1980-жылы туулган И.Х.нын жанынан 115 миӊ сом акча жана ошол аймакта жашаган шайлоочулардын тизмеси чыккан. Бул тергөө кызматына алынып келинген жарандар келе жаткан шайлоого катышып жаткан бир партиянын тарапташтары болушкан.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 192-беренесинин белгилерине ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Количество просмотров: 179