• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектелип 2 аял кармалды

15 Чын куран 2022 9:39 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенген 2 аял киши кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине Ош шаарынын аймагында “Г” аттуу азият улутундагы аял киши баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган факты боюнча КР Ккылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында аталган башкармалыктын кызматкерлери тарабынан “Г” аттуу аял киши баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды Ош шаарында сатып жүргөндүгү аныкталган.

Мындан аркы атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 5 грамм синтетикалык баңгизаттарды сатуу учурунда 1976-жылы туулган К. Ш., 1983-жылы туулган Т.Н.кармалган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган затальфа PVP психотроптук заты экени аныкталган. Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 122