• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ошто сулуулук салон, тиш дарылоочу борбор жабылды

19 Аяк оона 2023 17:12 Бишкек Govori.TV

Ошто 10дон ашык сулуулук салон, тиш дарылоочу борбор жабылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында жарандардын кайрылуусуна ылайык, калктын саламаттыгын коргоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд уланууда.

«Аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында 5 сулуулук жана косметологиялык салондор, 4 тиш дарылоочу борборлор, 5 медициналык дарылоо бөлмөлөрү жабылып, санитардык талаптарды сактабагандарга жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, эскертүүлөр берилди»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, рейдке Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ветеринардык кызматтын, Монополияга каршы кызматтын, адистештирилген мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери жана адистери катышты.

Текшерүүлөр сентябрдын аягына чейин уланат.

Количество просмотров: 72