• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто төрөт үйүндө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн

29 Бугу 2020 16:25 Бишкек Govori.TV

Оштогу шаардык төрөт үйүндө коронавирус илдети аныкталган соң ага кабыл алуу токтотулганына байланыштуу айы-күнү жеткен келиндерди облустук төрөт үйү кабыл алып жатат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев 29-майда, брифингде билдирди. Анын айтымында коронавируска каршы күрөшүүдө облустук, шаардык деп бөлүнүү болгон эмес.

«Шаардык төрөт үйүндө да облустун райондорунан келип, төрөгөн келиндер жаткан. Ал жакта илдет чыкканына байланыштуу кабыл алуу токтоду. Азыр абал толугу менен көзөмөлдө. Облустук төрөт үйүндө шаардыктар да кабыл алынууда. Илдеттин алдын алуу чаралары көрүлгөн. Медицина кызматкерлери толук коргонуучу каражаттар менен камсыз болгон», — деди Узарбек Жылкыбаев.

28-майда Оштогу шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинде бешөө жаңы туулган ымыркайлар. 14ү энелер, калганы медицина кызматкерлери. Бул төрөт үйүндө 13-майда коронавирус табылып, карантинге жабылган. Кийинчерээк обсервацияга айландырылып, кош бойлууларды кабыл алуу токтогон.

Жалпы өлкөдө COVID-19 илдетине кабылган 1662 адамдын 6% жашы жете элек балдар. Алардын ичинен 20га жакыны ымыркайлар.

Количество просмотров: 18