• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ошто төрт эм төрөлдү

19 Жалган куран 202610:45 Бишкек Govori.TV

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө төрт эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ымыркайлардын үчөө кыз, бирөө уул. Алардын салмагы: кыздардыкы — 1830, 1520 жана 1500 грамм, ал эми уулдуку — 1815 грамм болгон.

Араван районунун 26 жаштагы тургуну ооруканага кош бойлуулуктун 32-жумасында, мөөнөтүнөн мурда төрөт коркунучу менен түшкөн. 12-март күнү дарыгерлер кесарево кесүү жолу менен төрөттү кабыл алышкан. Бул келиндин алгачкы төрөтү.

Учурда эненин жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Количество просмотров: 150