• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ошто таштандынын арасынан ымыркайдын денеси табылды

14 Бештин айы 2018 10:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.12.2018. Govori.TV

Ош шаарындагы таштанды талаадан ымыркайдын жансыз денеси табылды. Булактар тастыктаган маалымат боюнча, кутуга салынган денени кечээ, 13-декабрь күнү шаардын четиндеги таштанды талаадан табышкан.

Эркек ымыркай киндиги менен кошо баштыкка оролгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны белгисиз адамдар шаардын ичиндеги таштанды челектердин бирине таштап, тазалыкчылардын унаасы менен шаардын четиндеги таштанды талаага жеткирилген. Ал эми кутуну таштандыны аралап жүргөн адам таап,ымыркайдын денесин биринчилерден болуп көргөн.

Учурда экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 25