• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Ошто таза суу берүү иштери жанданды

23 Бугу 2022 9:41 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында таза суу берүү иштери жанданды. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

“Ошшаарсууканал” билдиргендей, шаардыктарды суу менен камсыздоо аракети көрүлүүдө.

Буга чейин Папан суу сактагычына жакын жылгалардан сел жүргөнүнө байланыштуу суу берүү токтотулган. Ал эми социалдык тармактарда сууга кезекке турган шаардыктардын сүрөтү тараган. Анда тургундар жергиликтүү бийликке нааразылык билдиришкен. Алар суунун эскертүүсүз өчүрүлгөнүн айтып, шаар бийлигинен тургундарды суу менен камсыз кылууну талап кылышкан.

Количество просмотров: 72