• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024
default

Ошто таза суу долбоорунун үчүнчү этабы башталды

12 Үчтүн айы 2024 14:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ак-Буура дарыясынын Даңги участогунан шаарга суу алуучу башкы тосмого чейинки аймакка диаметри 1000 мм болгон 2400 метрди түзгөн суу түтүгүн тартуу ишине старт берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул долбоор шаарды таза суу менен камсыз кылуунун үчүнчү этабы болуп, маселеге чекит коет. Даңги тилкесинде алгач бийиктиги 7 метрди түзгөн дамба курулат. Бул 20-мартка чейин бүтүшү керек. Андан соң узундугу 2400 метр болгон суу түтүгүн тартуу каралган. Жумушту толук түрдө бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын август айына белгиленген.

«Бул долбоордун ишке ашуусу менен көп жылдык сууга болгон муктаждык чечилет»,-деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, долбоор Азия өнүктүрүү банкынын (АБР) колдоосунун астында Ак-Буура дарыясынын жогорку тарабынан таза суу тартуу максатында ишке ашууда.

Количество просмотров: 97