• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ошто таза суу кайра токтотулушу мүмкүн

15 Баш оона 2018 11:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.08.2018.Govori.TV.
 Ош шаарында бүгүн таза суу токтотулушу мүмкүн. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси  Азамат Абсатаров жазып чыкты.
Анын билдирүүсүнө ылайык, Папан айылынын аймагындагы жар көчүп суу кайра булганган. Сууунун өчүрүлүшүнө бул кырдаал себеп болот.
Эске сала кетсек шаарга суу кечээ берилген. 13-августта селдин кесепетинен суу булганганынан улам суу берүу шаар ичинде токтотулган болчу.
Количество просмотров: 33