• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Ошто тергөө абагынын башчысы кармалды

14 Бештин айы 2023 17:32 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгы уюшкан кылмыштуу топ көзөмөлдөгөн камактагыларды дары менен камсыздоо каналынын бетин ачты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК менен Ош ШИИБдин биргелешкен ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “общака” деп аталган мекеменин көзөмөлүндө жана Жазаларды аткаруу кызматынын Ош шаарындагы №25 мекемесинин кызмат адамдарынын камкордугунда иш алып барган баңги каражаттарын ташуунун жана сатуунун белгиленген каналы аныкталып, токтотулду.

Такталгандай, бул кылмыш схемасы Ош шаарындагы ЖАКтын №25 мекемесинде кармалгандар — КР жараны А.Т. жана Тажикстандын жараны Г.Г. («Дженго» деген каймана ат менен белгилүү К. Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү) тарабынан уюштурулгандыгы, атайын мекеменин жетекчилигинин макулдугу менен аракеттендиги аныкталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин алкагында кылмышка шектүү катары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош шаардык ЖАКнын №25 мекемесинин башчысы Ж.У. мекеменин башка жооптуу кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып атайын мекеменин аймагына баңгизаттарды тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн системалуу түрдө гонорар алып турган.

Азыркы схема боюнча, Тажикстандын жараны Г.Г. Согди облусундагы өз каналдары аркылуу Ош шаарындагы ЖАКтын №25 мекемесинде иши тергелип жаткан, камакка алынган жана соттолгон адамдарга наркотикалык каражаттарды өткөрүп берүү жана сатуу үчүн ай сайын жеткирүү каналдарын уюштурган. Наркотикалык каражаттардын сатуусунан түшкөн каражаттар ЖАК мекемесинин башчысы Ж.У. жана «положенц» деп аталган А.Т. жана башка баңгиканалдарынын башка катышуучуларына бөлүштүрүлгөн.

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош шаарындагы ЖАКтын№25 мекемесине баңгизаттарды өткөрүү аракети учурунда тамак-аш азыктарынын арасына катылган 1 кг салмактагы «ооган гашиши» табылып алынган.

Мындан сырткары, Ош шаардык ИИБнын кызматкерлери тарабынан 25-тергөө камак жайга баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган И.М., С.А., К.А. жана К.А. аттуу жарандар кармалды. Кармалган И.М. жана К.А. жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө, ошондой эле ЖАКтын №25 мекемесине өткөрүп берүү жана сатуу үчүн арналган жалпы салмагы 1,3 кг болгон «ооган гашиши» түрүндөгү баңгизаты табылган.

УКМК жана Ош ШИИБ менен биргеликте бул кылмыштуу схемага катышкан камактагылардын камераларында тинтүү жүргүзүлүп, баңгизаттары жана башка тыюу салынган буюмдар (уюлдук телефондор, заряддоочу түзүлүштөр, бычактар) табылып алынган.

Азыркы учурда №25 мекеменин башчысы Ж.У. УКМКтергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына, ал эми уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрү — И.М., С.А., К.А. жана К.А. Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен тыгыз кызматташтыкта баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүнүн аныкталган каналына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштерин улантууда.

Количество просмотров: 129